Акыйкатчы өмүр бою эркинен ажыратылгандар отурган абакты текшерип чыкты (фото)

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Аламүдүн районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №19-абактын абалы менен таанышып чыкты. Акыйкатчы институтунан 27-июлда билдиришкендей, Оторбаев абактын ашкана, медициналык пунктун жана башка жайларын текшерди.

Акыйкатчы ашкананы кошпогондо абактын шарттары эл аралык стандарттарга жооп бере турганын айтты. Учурда абактын ашканасын оңдоо үчүн бюджеттен каражат бөлүнүп, оңдоо иштери жүрүп жатат. Оторбаев буга чейин абакта отургандар жай айларында ысык болуп, атайын кийим кийип жүрүүгө мүмкүн эместигин айтып арызданышканын айтты.

Учурда бул жайда өмүр бою эркинен ажыратылган 73 адам жатат. Ар бир камера 4 адамга ылайыкташкан.

Айта кетсек, бүгүнкү күндө өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны 300дөн ашкан. Жаңы-Жер айылындагы абактын жаңы курулган биринчи имараты февраль айында пайдаланууга берилип, азыркы тапта абактын аймагындагы экинчи имарат курулуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Elmar
2016-07-27 17:00:18
Аларга каражат болуунун кереги деле жок жакшы адамдар алжерге барбайт андан коро карылар уйуно балдар уйуно болсун каражатты кылмышкерди омур бойу бакканча(((
+18
E.TARZAN
2016-07-27 17:00:51
Баракелде жакшы салыныптыр. Алар деле адам да эркинен ажыратылганы менен, омуруну ошол жерде откорсо жакшы шарт тузуш керек да.
-7
aizbek
2016-07-27 17:12:35
мамлекетке омур бою зыян келтирет,кыйратып койгонсуп
+13
Nazar.arapbaev
2016-07-27 17:26:08
Ушундан коро больницага конул буруп койсо жакшы бодмок, азыркы маалда мен деген больницаларда эч кандай условия жок, апараттартын баары эскирген кейишьуу абалда жатат...
+8
leilek_suluktu
2016-07-27 19:21:22
Вай биздин болницадан зорго евро стаматология зор экен биздин стаматологдор кабинети мындай эмес
+2
nura.177
2016-07-27 19:24:41
Эмне эле акыйкатчы абактарга жабышты,балдар,карылар уйлоруно барбайбы а
+3
Labadax
2016-07-27 20:06:31
Оторбайып иштеген киши болуп абак жайга эмнеге сайылып кайра кайра барып калган.Откондо абак жайга киргизбей койду деп жаш балача арызданып жаткан эле тиешелуу жерге.Андан коро больница карылар уйуно бар,ошолордун койгойун угуп,койгойлорун чечишкенге жардам кылып.
+3
madina.87
2016-07-27 20:43:00
Жалалабадта торот уйу ремонт болуп уч Айдан бери бутпой,канча наристелер энелер кыйналып жатат.
Ошондон коро тезирээк ушуга окшогондорду ондошсо болбойбу?!
Кыйратып койгонсуп автомат кир машинелер,стоматология менен бардык шартты тузуп канкорлорго жардам кылбай!!!
Канча наристе шарттын жоктугунан коз жумуп атат.
Буларды коруп куйуп эле кетесинда (((((
+4
Frunze74
2016-07-27 21:08:55
madina.87, Жалал-Абад облустук торот уйу кичине болуп, палаталар жетишпей, канчалаган паталогиялык оорулуулар ошонун айынан дарылана алышпай келет орун жетишпей. Канчалаган келиндер уйуно кайра жонотулуп жатат, эрте келипсин деп тороордо кыйналып барса торотканага. Батыровдун университетин каяктагы сот, РОВДга бергиче (аларда муктаждык болбосо да) торотканага беришпейби 2-корпус кылып... Тороткананын талапка жооп бербегенинен улам канчалаган эне жана наристелер кайтыш болууда...
+3
madina.87
2016-07-28 21:22:50
Frunze74,туура айтасыз эже,жакында эжем коз жарды эле,такыр шарты жок,бир Кун-До алты ымыркай коз жумду дейт.
Кандай гана окунучтуу(((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан