Полиция кызматкерлеринен кордук көргөн Тазагүлдүн маселеси боюнча Орусиядагы элчиликке тапшырма берилди

26-июлда Орусиянын Москва шаарында 3 полиция кызматкеринен кордук көргөнүн айткан 23 жаштагы Тазагүл аттуу келиндин маселеси боюнча Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы элчиликке тапшырма берди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

"Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине тапшырма берди. Учурда Москвадагы кыргыз элчилиги тактоо иштерин жүргүзүп жатат", - деди Кулукеева.

Тазагүлдүн айтымында, тиешелүү документтеринин баары өз ордунда болгонуна карабай полиция кызматкерлери аны шаар четине алып барышып "депортация кылабыз" деп коркутушкан. 6 жолу бетине чаап, анын сөйкө жана нике шакегин да чечип алып, ошол жерде калтырып келе беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Samash-87
2016-07-27 17:31:44
Элчиликте адамдар иштейби?же ХХХ?бир жолу ишим тушуп барсам ХХХ ХХХ ХХХ.
+4
admin_portal
2016-07-27 18:05:08
Samash-87, этика нормаларын сактаңыз!
-5
modern-group
2016-07-27 20:28:14
керсейгендин жада калса кыргызча суйлогонго алы жетпей мурдун чуйругондун баары элчиликке жыйылып алган. канакей эми кыймылдап чуйругонго жараша колунардан бир нерсе келээр бекен бу .
+7
OMURBEK.
2016-07-27 20:30:42
Москвада жакшы законду билген кыргыз туугандар каажерге арыз жазуу билгендер болсо ушул кызды табып жардам берип койгула кылмыштуудар жазасыз кутулуп кетпесин биздин посол кыйратбайт
+7
Frunze74
2016-07-27 20:42:43
Буга чейин кандай кыйратып келишсе, бул жолу да кыйратышат.... Элчиликке сын-нааразычылыктар ар дайым айтылып келсе да конул бурган эч ким жок...
+4
semo
2016-07-27 22:06:01
Туугандар ушу нерсеге өзүбүз күнөлүбүз дакументтерин баары жайында болсо орусчаны жакшы суйлосөң сени еч ким мындай кылып кордобойт орусчаны билбегендер россиага келбей еле койуш керек пасолстводо иштегендерди орустар тоготпойт кайра сөгүп кубалап чыгат
+1
tyrgon
2016-07-28 13:07:31
Москвадагы Кыргыз Посольстводо иштегендер просто регистрация жасагандыле билишет иштегенди билсе мигрантардан мындай арыздар тушпойт элего
0
Kairyl
2016-07-31 10:10:54
Кыргыз элчилиги кызда экен күнөө деп чыкпаса болду... Мен да бир баргам, жарымы орусча, жарымы кыргызча сүйлөгөн, оозу башын боёгон кыздар олтурат, анан айттым же кыргызча же орусча сүйлөшөлү деп "Бизге привычка болуп калган" дешет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан