Күн сайын эртең мененки саат 8ден кечки 5ке чейин иштеген жумушунан тажаган миңдеген кеңсе кызматкерлери ар кандай кызыктуу окуялар менен коштолгон саякатка чыккылары келет. Айрым учурларда мындай кыял ишке ашарын Түштүк Африканын тургундары Шанель менен Стиво тастыктаган. Түгөйлөр 2015-жылдын башында өздөрүнүн Instagram баракчасына жарнама жаатындагы өздөрүнүн стабилдүү жумуштарын таштап, үйлөрүнөн канчалык алыстыкка саякатка кете алышарын билүү үчүн сапарга чыгышканын жарыялашкан.
Алар саякатын өздөрүнүн "Үйдөн канчалык алыстыкта?" деген аталыштагы блогунда жазып келишет. Сапарынын башталышынан эң кооз жерлерде сүрөткө түшүп, үйлөрүнөн канча аралык алыстыкта экенин жазып турушат. Көптөгөн кеңсе жумушчуларынын фантазиялары экөөнүн саякатындай, бирок алар учурдагы жашоосунун башка тарабын да окурмандарга билдиргилери келишет.
"Buzzfeed News" басылмасына берген интервьюда "биздин окурмандар чыныгы жашообузду толугу менен билишпейт" дешкен. Шанель менен Стиво жөн гана саякаттабастан, колго тийген бардык жумуштарды аткарып керектүү каражат табышат.
"Биз ушундай саякатка аттангысы келгендер үчүн чыныгы жашообуз тууралуу айтып берели дедик. Алар саякатты жакшы гана көз ирмемдерге толгон, оңой жана жөнөкөй нерсе деп ойлошот. Бир жакшы сүрөт тартыш үчүн оор жумуштарды кылабыз. Буга чейин сүрөткө түшпөгөн маалда 135 ажаткана тазалап, 250 килограмм уй тезегин жайдык, 2 тонна таш чыгардык, 60 метрдей жол салдык, 57 керебет жасадык, азык-түлүк дүкөндөрүнүн текчелерине жүздөгөн товар тиздик, канча бокал тазалаганыбыз эсибизде жок. Биз Йоханнесбургда барчылыкта эле чоңойгонубуз менен, учурда саякатыбыз үчүн бардык жумуштарды жасоого даярбыз", - дешкен саякатчылар.
Түгөйлөрдүн айтымында, алар үчүн каражат маселеси оор. Баарын эсептеп, каражатты үнөмдөөгө туура келет. Аларга үй менен тамак-аш берген адамдын жумушун жасап берип келишет.
"Физикалык жактан бул оңой эмес. Мен мындай жашоого көнгөн эмесмин. Азыр менин ден соолугум чың, алты мүчөм келбеттүү деп айта албайм. Стиво экөөбүз көбүнчө крекер менен кыям жеп, 5 сааттан гана уктайбыз жана ар дайым аябай оор сумкаларыбызды көтөрүп жүрөбүз", - дейт Шанель.
Мындан сырткары түгөйлөр аткарган жумуштарынан уялбай, тескерисинче, сыймыктанышарын айтышкан.
"Биз саякатка чыгып жатканда бардык сыноолорду кабыл алып, кандай шарттар болбосун сапарды улантабыз, өзүбүздүн ыңгайлуулук аймагыбыздан чыгып, чыгармачылык менен алектенебиз деп сөз бергенбиз. Кыйналсак да эң жакшы тажрыйбаларды алдык", - дешет саякатчылар.
Стиво менен Шанель алардын блогу көптөгөн адамдарды ыңгайлуулук аймагынан чыгарып, шыктандырат деген ойдо. "Биз адамдарды ушундай нерселерге шыктандыргыбыз келет. Саякаттагы керектүү, билим берүүчү, толкундатуучу, кызыктуу окуялар тынчтыктан баш тартып, жашоо берген бардык нерселерди кабыл алууга түртөт", - деп басылмалардын бирине айтышкан.
155 222 чакырым. Исландия. "Бүгүнкү пост өзгөчө. Биринчиден, анда эң эле чоң муз сыныктары жана Исландиядагы кара кумдуу пляж көрсөтүлгөн. Дагы бир өзгөчөлүк, бул пляжга келүү биздин кыялыбыз болчу. Алдыга максат коюп, аны ишке ашырууга бардык күчтүү жумшоо керек", - дешкен сүрөттүн авторлору.
Учурда бул эки саякатчынын сапарын кызыгуу менен аңдыган адамдар, демөөрчүлөр көп. Кайсы шаарга барышпасын жумуш менен жардам берчүлөр табылат.
5532 чакырым алыстыкта. "Биз түстөрдөн рахат алуу үчүн токтодук. Бул жерде аляскалык люпин гүлдөрү көзүң көрө алчу алыстыкка чейин жайылып өскөн".
154 586 чакырым алыстыкта. "Чынын айтканда, эң эле сыйкырдуу күндүн чыгышы. Биз ошол жерде саат 02:35те жөн эле отурдук".
164 332 чакырым алыстыкта. Португалия. Бул сүрөттүн төмөн жагына "Достор, тапкылачы?! Биз ажайып кооз Португалиядабыз" деп, сынак уюштурушкан. Сынактын жеңүүчүсү алар менен Португалияда 3 күн эс алмак.
155 619 чакырым алыстык. Исландия. "Кыйраган DC3 атактуу учагын саякатыбыздын башынан эле тарткыбыз келген. Сүрөттү саат 23:00дөрдө тартууга аракет кылдык, себеби ушул маалда айлана тынч жана идеалдуу жарык болот", - деген билдирүү калтырышкан.
153 742 чакырым алыстыкта. Рейкьявик шаары. "Баарыңарга суук жана нымдуу Рейкьявик шаарынан салам! Дүйнөнүн түндүк борбору, биз 150 миң чакырымдан өттүк".