Бүгүн, 24-ноябрда тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Аргентинанын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Энрике Игнасио Феррер Виейрадан ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Абакиров элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү эки өлкөнүн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө салым кошоруна ишенимин билдирди.
Жолугушууда саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.