Кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөл азырынча алынбайт. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Мамлекеттик ветеринардык, фитосанитардык инспекциянын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө ветеринардык тармакка тиешелүү бардык кызматтар аткарылып жатканы айтылды.
"Айрым лабораторияларды жоёбуз, керектүү лабораторияларды калтырабыз. Бул үчүн өкмөт бизге жетиштүү каражат бөлдү. Учурда Ош аймактык лабораториясы жана Бишкек борбордук лабораториясында оңдоо иштери жүргүзүлдү", - дейт аталган инспекциянын басма сөз кызматынын адиси Рахат Садырбекова.
"Бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасы ветеринардык азыктарды өткөрүүгө ачык. Фермерлердин кооптонуусуна негиз жок. Болгону тирүү малга жана бышпаган эттерге көзөмөл бар. Евразия биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү келип, Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызмат биримдиктин талаптарына жооп берет деген корутунду чыгарып кетишти", - деп билдирди Мамлекеттик ветеринардык, фитосанитардык инспекциянын башчысынын орун басары Ашырбай Жусупов.
Ашырбай Жусуповдун айтымында, быйыл эт, сүт багытында 12 ишканага экспорттоо иштерин жүргүзгөнгө шарт түзүүгө аракет кылынууда.
Ал эми Мамлекеттик инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов Орусия убадалаган жабдууларын, ал эми Казакстан убадалаган каражатын бөлбөй жаткандыктан, чек арадагы ветеринардык көзөмөлдүн алынышына оорчулук жаратып жатканын айтты.
"Орусия бизге 1 миллион 800 миң долларга жабдууларды бермек, Казакстан да бизге акчалай жардам берүүнү убадалаган, бирок убадалар аткарылган жок. Ошондуктан бул маселе чечилбей жатат", - деди Калысбек Жумаканов.