SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кэти Юнг 35 жылдан бери корсет кийип, белин 38 сантиметр кылган" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Nadya_90).
Дүйнөдө эң ичке белдүү Кэти Юнг 1937-жылы төрөлгөн. Ал викториан модасы күч алган кезде корсетти көп кийип жүрүү чечимин чыгарган. 35 жылдан бери корсет кийип, белинин ичкелигин 71 сантиметрден 38 сантиметрге жеткирген. Кызыгы, бул абал анын ден соолугуна терс таасирин тийгизбейт. Анын күйөөсү хирург, ар дайым анын ден соолугун карап турат.
Кэти Юнгга корсетти кийүүгө күйөөсү жардамдашса, жалгыз кезде эшиктин туткаларынын жардамы менен 2 сааттык убакытта өзү киет.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.