Мамлекеттик каттоо кызматы 54 миллион 616 миң сомго принтер сатып аларын 2-сентябрда Мамлекеттик сатып алуулардын расмий сайтына жарыялады.
Маалыматка ылайык, МКК лазердик технологиялар менен МКК ID1 форматындагы электрондук күбөлүктөрдү басып чыгаруучу принтерлерди сатып алат. Тендерге катышуучулар 23-сентябрдан баштап билдирмелерин жөнөтүшөт. Тендер 90 күнгө уланат.
Биометрикалык (электрондук) паспортторду киргизүү боюнча долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-июнундагы №291-буйругуна ылайык, бөлүнгөн каражатка жаңы муундагы өздүк документти жекелештирүү үчүн жабдууларды сатып алууга тендер жарыяланганын билдирди МКК басма сөз кызматы.
"Учурда өндүрүмдүүлүктүн көлөмүнө байланыштуу техникалык өзгөчөлүктөргө ылайык, жалпысынан 5 лазердик принтерди сатып алуу пландаштырылып жатат. Ал эми баасы ошол тендерге катышкан компаниялардын сунушуна байланыштуу аныкталат", - дейт басма сөз кызматы.
"Бул сатылып алынган принтерлер биометрикалык (электрондук) паспортторду басып чыгаруу үчүн колдонулат. ID1 форматы автоматтык түрдө лазердик технологияларды колдонуу менен поликарбонаттык картанын (паспорттун) эки бетине жаран боюнча персоналдык маалыматты жана сүрөт гравировкасын учурдун талабына ылайык кылып басып чыгаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат", - деп кошумчалашты МККдан.