Быйыл ажылык сапарга Меккеге 1 миллион 862 909 адам барды

Быйыл ажылык сапарга Меккеге 1 миллион 862 909 адам барган. Бул тууралуу арабиялык "Аль-Арабийя" телеканалы Сауд Арабиянын Cтатистикалык башкармалыгына шилтеме берүү менен жарыялады.

Телеканалдын маалыматы боюнча, 1 миллион 325 372 зыяратчы чет элдиктер, 537 537си Сауд Арабиянын жараны. Зыяратчылардын ичинен 1 миллион 82 228и эркек болсо, калган 780 681и аялдар.

Белгилүү болгондой, быйыл ажылык сапарга Кыргыз өлкөсүнөн 3565 адам барган. Алар 16-августтан тарта жөнөй башташкан. Ажылыкка сапарга чыккандар 29-сентябрда кайтып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
etaj_rus79
2016-09-13 14:53:52
зыярат жана беш фарздын бири ажылык кабыл болсун баарына ал эми кыргыз жараандарыбызга тынч аман эсен оз жерине келип алышсын амин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан