Дүйнөнү кыдырган саякатчы Гуннар Гарфорс Кыргыз Республикасын кооз өлкөлөрдүн катарына кошту. Саякатчы 37 жашында эле дүйнөнү кыдырып чыккан. Анын айланасындагылар "Баарынан кайсы өлкө кооз?" деген суроону көп беришет. Ал жактырган өлкөлөрдүн катарына Кыргыз Республикасын да кошкон.
Саякатчы Гарфорс эң кооз деп Румыния өлкөсүн белгилеген. Мындан сырткары аны Жаңы Зеландия, Норвегия, Никарагуа, Мадагаскар, Доминикан, Кирибати, Уругвай, Аргентина, Вьетнам, Бразилия өлкөлөрүнүн кызыктуу адамдары, алтын кумдуу жээктери, кооз шаркыратмалары, белгилүү аралдары жана эс алууга ыңгайлуу шарттары суктандырган.
Ал Кыргыз жеринин кереметтүү жаратылышы менен достукту сүйгөн эли тууралуу "укмуштуудай жаратылышы, кооз базарлары жана ынтымактуу эли бар" деген пикирин билдирген.