Бишкекте сууда агып бараткан 2 жашар баланы куткарган 5-класстын окуучулары сыйланышты

Бишкек шаарынын Көлмө конушунда Ала-Арча дарыясында агып бараткан 2 жашар баланы 5-класстын окуучулары куткарышты. Бүгүн, 13-сентябрда шаардык мэрияда аларга сыйлык тапшыруу аземи өттү.

Маалыматка караганда, окуя 4-сентябрда болгон. Бул күнү №78-орто мектебинин 5-классынын окуучусу Баяман Азимов достору Арсен Камбаралиев жана Эрнис Ташболотов менен дарыянын жанында ойноп жатып сууда агып бараткан баланы байкап калган. Алар баланы суудан чыгарышканда, Баяман жасалма дем алдыруу аркылуу наристенин өмүрүн сактап калган.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев жаш куткаруучуларды шаардык кеңештин атынан сыйлады. Эрдик көрсөткөнү үчүн Баяман Азимов Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы жана "Патриот" төш белгиси менен сыйланды. Анын достору Арсен Камбаралиев менен Эрнис Ташболотовго Ардак грамоталары тапшырылды. Мындан тышкары №78-орто мектебинин эмгек жамаатына ыраазычылык айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Azura
2016-09-13 15:13:20
Молодцы! Кыргызстандын келечеги ушул балдардын колунда! Суюнучтуу, сыймыктанчуу жанылык!
+18
nurka_85
2016-09-13 15:13:52
Азаматтар окууларынарга ийгилик!!!
Силерди тарбиялаган ата-энерге да рахмат.
+11
Palan4a
2016-09-13 15:20:21
Ой козго жаш келдиго!… Азаматтар!
+11
Usow
2016-09-13 15:23:43
Азаматсынар молодец
+7
talant87
2016-09-13 15:30:18
бир адамдын омурун сактап калганынар ото жакшы.Бул сыйлык мактоо эч нерсе эмес .
+9
nurchik05
2016-09-13 15:59:35
Окуп жатып коздон жаш айланды азаматтар
+5
ulan.zhoroev
2016-09-13 16:07:02
Молодец ушундай жакшы кабарларды да жазгылачы кундо эле жол кырсыгынан адам олду деген кабар окуйбуз
+5
ruslanz
2016-09-13 16:26:22
Баардык жанылыктарды жаза бергиле. Бул балдар жонундо соз жок, азаматсынар.Ушул балдар, мурдагы балдар.. карап туруп кыргыз элинин келечеги жакшы экенине ишенем. Бийликтегилер дагы туура кылып жатат сыйлап. Башкалар да корсун, бандит болгондон коро бул жакшы экенин.
+2
sezim_osmonalieva111
2016-09-13 17:16:07
Окуп алып суйунгонумон ыйладым,азаматсынар!!!Акыркы кундору кайгылуу окуяларды окуй берип,башкача болуп калган экенбиз.Силерди тарбиялаган ата-эненерге таазим
+1
ainur78007
2016-09-13 17:55:53
Ой азаматтар.Чынын айтсам жасалма дем алдырууну карыгыча мен билбеймин))).Ата-эненерге,мугалимдеринерге терен ыраазычылык.
+3
bessmertnyi
2016-09-13 20:37:11
Баяман, Баяман балбандай болот го буюрса. Азаматтар. Омурлуу, эл керегине жараган жигиттерден болгула.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан