Бишкек шаарынын айрым аймактарында жана Лебединовка айылында убактылуу газ берилбейт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 14-16-сентябрь аралыгында Лущихин, Чайковский, Каховск көчөлөрү менен кесилишкен аймактарда; 15-16-сентябрда Лебединовка айылындагы Мамыралиев көчөсүндө жайгашкан №21-29-үйлөрдө, Ленин кең көчөсүндө №362-388-үйлөрдө газ берүү убактылуу токтотулат.