Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы арзандоодо

Мунайдын баасы кечээ, 12-сентябрда 1 пайызга көтөрүлсө, бүгүн анын АКШдагы запасынын көрсөткүчүнүн жогорулашы күтүлүп, баасы төмөндөп кетти. Бул тууралуу "Интерфакс" басылмасы жазып чыкты.

Ноябрдык фьючерс менен Brent үлгүсүндөгү мунай лондондук ICE Futures биржасында бүгүн түшкө чейин 0,7 пайызга арзандап, баррель үчүн баасы 48 долларды түздү.

Ал эми фьючерстердин октябрь айына коюлган баасы Нью-Йорктогу товар биржасындагы электрондук соодалашууда 0,8 пайызга арзандап, 1 баррелдин баасы 45,91 долларга барабар болду.

Бааларга Кытайдын экономикасынын туруктуулугу тууралуу маалымат таасирин бере алат. Белгилей кетсек, аталган өлкөдө мунай иштетүү көрсөткүчү 2009-жылдан тарта минимумга жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bekzamann
2016-09-13 17:37:30
Бензин арзандаса жакшы болот эле.,..
0
shamilaisan
2016-09-13 18:02:10
Баррелдин баасы көтөрүлсө жакшы болмок себеби доллордында баасы түшөт эле
+2
Almaz_kg
2016-09-13 20:27:19
2-3 жыл мурун нефтин бочкасы (баррел) 120$ болгондо, бизде бензин баасы 47 сомго чыккан, азыр нефт 3 эсе арзандасада (1 баррел 40$) бензин баасы 3 эсе арзандаган жок.Биз кыргыздар бензиндин бараз арзандаганына суйунуп койуп журобуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан