19-сентябрдан тарта сандардын кооз комбинациясы менен мамлекеттик номерлер сатыкка чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
"Аларга төмөнкү мамлекеттик номерлер кирет: 101, 202, 303, 404, 505, 606, 707, 808, 909, 011, 022, 033, 044, 055, 066, 077, 088, 099, 110, 220, 440, 550, 660, 770, 880, 990. Бирдей комбинациядагы тамгалары менен бул номерлердин баасы (мисалы, 101ААА, 077ААА) 5 миң сомго барабар. Ушул эле номерлер ар башка тамгалардын комбинациясы менен болсо (мисалы, 101ААВ, 077ААВ), 4500 сом болот", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми окшош тамгалардын комбинациясы менен төмөнкү номерлер 3 миң сомдон сатылат: 121, 123, 131, 141, 151, 161, 171, 181, 191, 212, 232, 242, 252, 262, 272, 282, 292, 312, 313, 323, 343, 353, 363, 373, 383, 393, 414, 424, 434, 454, 464, 474, 484, 494, 515, 525, 535, 545, 565, 575, 585, 595, 616, 626, 636, 646, 656, 676, 686, 696, 717, 727, 737, 747, 757, 767, 787, 797, 818, 828, 838, 848, 858, 868, 878, 898, 919, 929, 939, 949, 959, 969, 979, 989. Ушул эле номерлердин баасы ар башка тамгалардын комбинациясы менен 2700 сомду түзмөкчү.
"Жогоруда жазылган номерлерге сертификаттарды Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоочу департаментинин бардык аймактык бөлүмдөрүнөн аукционго катышпастан ала аласыздар", - деп кошумчалашкан басма сөз кызматы.
Өзгөчө комбинациялуу номерлерди сатуу онлайн-аукциону тууралуу жакынкы арада жарыяланары белгилүү болду. Аталган аукцион Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылы 5-сентябрдагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине киргизилчү өзгөртүүлөр жана кошумчалар" №482-буйругунун негизинде жаңы эрежелер менен жүргүзүлмөкчү.