Ошто 18 окутуучу, 31 студенттен, 1 магистранттан турган калың топ Түркияга билим алуу жана тажрыйба алмашуу үчүн жөнөп жатат. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алар "Мевлана" программасы боюнча Түркиядагы Сулейман Демирел, Бюлент Эжевит, Абант Иззет Байсал, Кастомону, Балыкесир, Истанбул, Тракия, Аднан Мендерес, Акдениз, Юзунчу Йыл, Намык Кемаль Булент, Эжевит, 19-май университети, Чанаккале 18-март, Кахраман Мараш Сутчи Имам, Балыкесир, Ержиес, Желал Байар университеттеринен билим алып, тажрыйба бөлүшүп келишмекчи.