"Кыргыз жеринде аялдардын укугу мурдагыга салыштырмалуу 2 эсе тебеленип, үй-бүлө статусу талкаланып, кароосуз калган балдар, 14 жашынан боюнан алдыргандар көбөйүүдө. Андыктан кыргыз өкмөтүн, коомчулуктун көңүлүн мына ушундай көйгөйлөргө буруубуз зарыл", - деп билдирди укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова бүгүнкү маалымат жыйынында.
"Өлкөдө ички, сырткы миграциянын өсүшү менен үй кызматында иштеп түрдүү зордук-зомбулуктарга кабылгандар көбөйүүдө. Алардын басымдуу бөлүгү аялдар жана жаш балдар. Балдарын жакын туугандарына, чоң ата, чоң энесине таштап кетишет. Андыктан мен коомчулуктун көңүлүн кароосуз калган балдарга бургум келет. Алар үй-бүлөдөгү жана сексуалдык зомбулуктарга кабылып жатышат. Телефондон талак берүү да өнүккөн. Ошентип, жаш кыздар колундагы балдары менен эч нерсеси жок көчөдө калып жатышат", - дейт укук коргоочу.
Ал эми Москвадагы өрттөн каза болгон 17 адамдын өлүмү боюнча буларга токтолду:
"Ооба, бийликке чоң күнөө тагылды. Биз да бул нерсеге кошулабыз. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Москвадагы өрт боюнча Орусиянын Тергөө комитетине кайрылбаганы мени таң калтырды. Андыктан бул маселенин толук изилденип чыгышына кызыкдарбыз. Журналисттер, коомдук уюмдар бул нерсени көз жаздымда калтырбай акырына чейин чыгарышса".