16-17-сентябрь күндөрү Бишкекте өтүүчү КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын отурумуна байланыштуу коомдук тартипти 3 миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
"Патрулдук милициянын стационардык постторунда Бишкектин аймагына кирген жана аймагынан чыккан унаалардын баары текшерүүгө алынат. Бул иш-чара мыйзамсыз курал-жарактарды, жардыруучу заттарды алып кирүүнүн алдын алуу үчүн жасалууда. Андан сырткары ИИМдин каттоосунда турган жарандар да көзөмөлгө алынып, маанилүү объектилер кайтарууга алынмакчы. Учурда тиешелүү мекеме жана кызматтар тарабынан делегация өтө турган жолдор менен имараттар текшерилүүдө. Андан сырткары делегациялар жайгаша турган жайлар да кайтарууга алынмакчы", - деп айтылат маалыматта.
Саммиттин алкагында Чүй облусу менен Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндөгү унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Расмий делегация өтө турган төмөнкү жолдор убактылуу жабылмакчы:
Чүй облусунда: "Манас" аэропортунан Бишкек шаарына чейин;
Бишкекте: Фучик көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейин;
Фучик көчөсүнүн Манас кең көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Манас кең көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнө чейин;
Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейинки бөлүк;
Чүй кең көчөсүнөн баштап Манас кең көчөсүнөн Өкмөт үйүнө чейинки жол;
Ошондой эле расмий иш-чаралар өтө турган жайларга кетүүчү көчөлөрдө да жол кыймылы үчүн чектөө киргизилет.