SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар, күйөөңөрдү сүйөсүңөрбү?" деген тема талкууга алынууда.
Темага калтырылган билдирүүлөр:
"Бактылуулук тынчтыкты сүйөт" демекчи, бир гана сөз менен жеткирсем, Жаратканга мактоолор болсун, жашоомдун ушундай нукта кетишин тилейм".
"Башыңа түшпөсө билбейсиң" деп бекеринен айтылган эмес. "Мен жолдошумду жакшы көрбөйм, балдарым үчүн гана жашап жүрөм. Кыйналганда мурунку жигитимди эстейм" деген билдирүүлөрдү окуп таң калам. Бир төшөктө жатып, ага карата кымындай сезим болбосо, ал кандай жашоо? Өзүңдү да, аны да кыйнап. Мен жолдошумду жакшы эмес, аябай катуу жакшы көрөм. Жумуштан келгенче сагынып кетем".
"Жолдошум өжөрлүккө салып эле үйлөнүп алган. "Жигитим бар, алыс жүр" дегениме карабай, "сүйүү никеден кийин башталат" деп көгөрүп, ата-энесин ортого салып жатып үйлөндүк. Элестеткиле, турмушка чыкканча бир да жолу көргөн эмесмин. Ал коңшу айылдан болот, бирок мени көргөн экен. Кош бойлуу болгончо тамакты өзү жасап, көзүмдү карачу. Азыр "каякка барат элең..." деп көөп калган учуру. Жигитимди эстесем "сен аны сүйбөйт деле болчусуң, жөн эле эркелеп уруш чыгарып жатасың" деп кутулат. Турмушка чыгардын алдында телефондон "тойду токтот, каалаган кызыңды таап берейин" деп жалынып ыйлагам. Азыр болсо "айдай чырайыңды иттей мүнөзүң бузат" деп көп айтат. Андай учурда "мени албай эле коюңуз деп айтпадым беле" деген жообум даяр".
"Сүйлөшпөй эле үйлөнгөбүз. Бир айылдан болгондуктан, бири-бирибизди тааныйт элек. "Сүйүү никеден кийин жаралат" деген сөзгө ишенем. Күйөөм жылуу мамилеси, бал тили, тамашакөйлүгү менен мени сүйдүрүп алды. Кудайым, ушул бактымдан айыра көрбө, карылыктын доорун бирге көрсөк деп тилейм".
"Сүйлөшүп үйлөнгөнбүз, миң мертебе шүгүр деймин. Көз тийбесин, башка менен жашоону элестете албайм. Албетте, кемчиликтер болот, сүйөм деп айткан эмесмин. Ушунусунан жазбасын, үйлөнгөнүбүзгө 1 жыл боло элек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.