Москвада шайлоого карата 1 миллион мигрант депортацияланышы мүмкүн

Такталбаган маалыматтарга караганда, Москвада шайлоого карата 1 миллион мигрант депортацияланышы мүмкүн. Орусиянын Москва шаарында иштеп, жашап жүргөн активисттердин бири Жылдыз Осмонова бул маалыматтын тактыгы тууралуу эч нерсе билбей турганын, бирок базарларда 15 мүнөттүн ичинде 20 адамды соттоп жатканын айтты. Ошондой эле ал депортацияланган мекендештерди соттун чечимине даттануу арызы менен шаардык сотко кайрылууга чакырды.

Жылдыз Осмонованын айтымында, арыз жазуу үчүн төмөндөгүдөй документтер керек:

  • Арыз;
  • Паспорт, каттоо жана миграциялык картанын көчүрмөсү;
  • “Базарда иштейт” деген инспектордун расмий баракчасы.

Андан соң жакынкы почтага барып жогорудагы документтерди конвертке салып жөнөтөсүз. Конверттин сыртына Москва шаардык сотунун дарегин жазасыз (Индекс: 107996, Богородский вал д. 8). Анан почта кызматкери сизге катты алганы тууралуу талон берет. Ал сизге маанилүү документ болуп эсептелет. Соттун чечими эки айдын аралыгында чыгат. Ага чейин полиция токтотуп “сиз мыйзамды бузуп жатасыз, депортация болушуңуз керек болчу” десе, почтадан алган талонду көрсөтүңүз. Сотко арыз жазуунун мисалын (частная жалоба) boordoshtor@gmail.com дарегине жазып, ошол жактан билсеңиздер болот”, - дейт Осмонова.

Айта кетсек, 2016-жылдын 18-сентябрында Орусиянын Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоо өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
keba300989
2016-09-14 17:21:06
ммм
-2
Erl017
2016-09-14 17:51:19
Ошондон коркууууп аран журобуз
+1
Istina1000
2016-09-14 18:16:23
Кудай сактасын. Бу бетин жуубаган орустардан бардык нерсени кутууго болот. Ынсап берсин
+3
Grand
2016-09-14 19:07:28
ЕАЭСтен ысрочно чыгышыбыз керек.
-2
etaj_rus79
2016-09-15 00:23:45
базарда иштейт деген справка эмес БАЗАДА БАР деген справка керек испектордон
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан