Кытайдагы жогорку окуу жайларынын кызматкерлери окууга кабыл алуу учурунда келген абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин кайда жайгаштыруу маселесин оригиналдуу түрдө чече алышкан. Алыстан келгендер үчүн атайын "сүйүү чатырларын" орнотушкан. Тагыраагы, сынак учурунда баласын колдоо максатында миңдеген чакырым басып келген ата-энелер, бардык каалоочулар "сүйүү чатыры" деп аталган жайда түнөй алышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Спортзалда уктап жаткан ата-энелердин сүрөттөрү социалдык тармактарга чыгары менен кызуу талкууга алынган. Көпчүлүгү өспүрүмдөр өз алдынча болуусу жана ата-энесинин колдоосусуз сынак тапшыруулары зарыл экенин айтышкан.