Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 17 миллиард 229 миллион метр куб болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда агып кирген суунун көлөмү 397 метр кубду, сарпталып жаткан суунун көлөмү 212 метр кубду түзүүдө. Былтыр бул маалда суу сактагычта 12 миллиард 769 миллион метр кубга жакын суу бар болчу.