SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Турмушка чыкпаганы үчүн эмнеге кыздар өздөрү күнөөлүү болуп калышат?" деген тема талкууга алынууда.
Темага калтырылган билдирүүлөр:
"Мен турмушка чыкпаган кыздар эмнеге өздөрү күнөөлүү боло беришет деп ойлоп калдым. Алсак, эң жакын курбу кызым турмушка чыга электе ата-энеси, туугандары "кары кыз болуп баратканыңа өзүң күнөөлүүсүң" дешкен. Мага да "жүрө берсең кары кыз болуп өтөсүң" деп айтышат. Мен деле башка кыздар сыяктуу кыялданам, турмушка чыксам, наристелүү болсом деп. Бирок мага жаккан же мени сүйүп-кадырлаган адамды жолуктура элек болсом, кантип турмушка чыгам деп ойлоно берчү болдум".
"Талаптарды азайтыш керек. Корей сериалдарынан кийин жигиттер "мырк" көрүнүп жаткан чыгар".
"Жомоктогу ханзааданы күтпөй, жакшы жигит чыкса, турмуш куруп алыш керек. Кийин сүйүп каласыз".
"Отурган кыз орун табат, тапканда да зорун табат" дейт го. Сен 24кө баратам дейсиң, а мен 25ке толдум. Мага деле айта беришип чарчашты окшойт. Бирок "жашым өтүп баратат, эр деген ушул экен" деп эле сүйбөгөн бирөөнүн колун кармап кетүү кыйын. Сабыр кылуу керек. Ар бирибиздин бешенебизге жазганы бар. Мен деле жүрөм күтүп".
"Нике буйруган күнү тиесиз да, эрте тийгендерди деле көрүп жүрөбүз. Эрге жетсе да, этеги жерге жетпей, эрдин санын көбөйтүп, ага кошо күнөөсүз наристелердин санын көбөйтүп жүрүшпөйбү, ажыраштым деп. Эч кандай күнөөңүз жок, Кудайдын буйругусуз кумурсканын да буту сынбайт экен. Кудайдын буйругун гана күтүңүз".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.