Бишкек шаарынын Ленин районунда баш аламан соода кылгандардын күркөлөрү алынып, ээлери айыпка тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, борбор калаанын көчөлөрүн жана базардагы баш аламан соода жүгүртүүнү иретке келтирүү максатында Ленин райондук администрациясы жана РИИБинин кызматкерлери менен биргеликте атайын рейд жүргүзүлгөн.
"Бишкек шаарындагы "Ош базары" жана "Баткен" базарындагы уруксат кагазы жок, мыйзамсыз иштеп жаткан соодагерлер үчүн атайын рейд жүргүздүк. Жыйынтыгында 6 соодагерге административдик протоколдор толтурулуп, Чүй кең көчөсүндө уруксат кагазы жок иштеп жаткан 3 күркө алынып салынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Айта кетсек, Ленин районунда жыл башынан бери 130 мыйзамсыз иштеген күркө алынган. Мындан сырткары салык төлөбөй иш жүргүзүп жаткандарга чаралар көрүлгөн.