Укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо боюнча жыйын өттү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы чечимин ишке ашыруу максатында укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо боюнча чаралардын жыйындысын ишке ашыруу пландары тууралуу маалымат берип, реформалоо боюнча генералдык схеманын бет ачарын сунуштады.

Ал реформа Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимин аткаруу иретинде өлкөнүн укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн оптимизациялоого, кайталанма функцияларды жоюуга жана алардын талаптагыдай иштешин камсыз кылууга багытталарын кошумчалады.

"Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жүргүзүлүп жаткан реформанын эң негизги милдети – укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, калк тарабынан аларга карата ишенимин жогорулатуу. Өкмөт башчысы белгиленген мөөнөттө өлкөнүн Коргоо кеңешинин чечиминин алкагында укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо боюнча бардык зарыл иш-чараларды өткөрүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан