Сапар Исаков: "КМШ саммитине келген өлкө башчылары Атамбаевдин 60 жылдыгына катышышы мүмкүн"

16-сентябрда КМШ өлкөлөрүнүн саммитине келчү өлкө башчылары Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин мааракесине катышышы мүмкүн экенин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков 14-сентябрда өткөн жыйында айтты.

Эскерте кетсек, президент 17-сентябрда 60 жашка чыгат.

"Көпчүлүк өлкө башчылары президенттин 60 жылдыгына катышат деп ойлойм" деген Исаков Атамбаевдин туулган күнүнө кимдер катышарын так айткан жок.

Саммитке Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан өлкөлөрүнүн президенттери келишсе, Молдовадан премьер-министр, Өзбекстандан тышкы иштер министри, Түркмөнстандан министрлер кабинетинин башчысынын орун басары келет.

Сапар Исаковдун айтымында, Өзбекстандын президентинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Шавкат Мирзийоев өлкөдөгү учурдагы абалга байланыштуу келе албайт.

"Шавкат Мирзийоевдин келе албай калганы биздин мамилелерге эмес, Өзбекстанда жакынкы арада өтчү шайлоого байланыштуу. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер начарлап кеткен жок, мен муну ишенимдүү айта алам", - деген Исаков.

Муну ал Шавкат Мирзийоевдин жөнөткөн каты менен түшүндүрдү. Ал эми Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Атамбаев менен байланышып, саммитке өлкөдөгү саясий иш-чаралардын өтө тургандыгына байланыштуу келе албастыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bekhaliev
2016-09-15 10:50:17
Кундо майрам кундо той
+2
Palan4a
2016-09-15 10:54:57
Шайлоо жайлоо жакындаган сайын элге кызмат кыла башташат. Албетте шайлоо откучо. Мисалы светин акчасын томондот имиш))
0
MUSLIM-81
2016-09-15 11:54:31
Бут эле кирет,бут эле кирет куттан кабар жок :)
+2
kubat_73
2016-09-15 12:29:01
Коп нерсени эми Сапаш чечип калды го ким келет ким келбейт.
0
anyshka
2016-09-15 13:34:39
Курсак ток проблема жок. Анан кантип ырдабайт. КТРК бардык канал биронуку. Жон кетпейт го. Салтка айланып калбасале кубалап качып )))
+2
anyshka
2016-09-15 13:34:45
Курсак ток проблема жок. Анан кантип ырдабайт. КТРК бардык канал биронуку. Жон кетпейт го. Салтка айланып калбасале кубалап качып )))
+1
aiman1983
2016-09-16 08:06:28
Качан акылдуу ажого, жакшы башкарган башчыга жерээр экенбиз, байкуш кыргызым. Дагы эле умут менен жашайбыз да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан