Президенттин кызынын өкүл атасы Өмүрбек Бабанов болгону айтылууда

Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Константин аттуу Кыргыз өлкөсүнүн жаранына турмушка чыккандыгы тууралуу социалдык баракчаларынын бирине жазып чыккан. Андан көп өтпөй орусиялык басылмалардын бирине берген маегинде Шагиева турмушка чыгып, 27-августта Бишкектеги ресторандардын биринде болгону 30 адамдын курчоосунда үлпөт тою өткөнүн айткан.

Кечээ, 14-сентябрда "Кыргызтудэй" басылмасы өлкө башчынын кызынын үлпөт тоюнда аз сандагы коноктордун арасында Өмүрбек Бабанов да бар экенин жазган.

"Той кызый баштаганда Алмазбек Атамбаев баш кошуп жатышкан Алия менен Константиндин өкүл атасы Өмүрбек Бабанов болот деп жарыялаган", - деп жазган басылма.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Uli6886
2016-09-15 11:09:30
Ичип алып айтып салышы мумкун)!
+19
ekaterinburg
2016-09-15 11:14:43
Бабанов озу да билбей калса керек)))
+11
Rifle_S
2016-09-15 13:13:13
Суперден окуп, мен болгон турбаймынбы деп башын тырмап отурабы ?
+6
nargis
2016-09-15 11:15:47
Болсо эмне болптур .Ашпоздун баласы аша дейт(тамак),уйкучунун баласы тата (уктайм)дейт , деген макал барго.Булар баары туздаш.
+9
Arslan12
2016-09-15 11:19:27
Жонокой адам боло албай калды го, дегеним класташ дос дегени бар ошолордон деле койсо болмок да эх саясат эмнеге алып барбайт!
+3
taalai9411
2016-09-15 16:23:51
Arslan12, деги сен окул атаны неге максатта
Койорун билесинби ?? Классташы досу кантип
Болмок эле
-3
Shapak1979
2016-09-15 11:34:23
Шефтен добро алыптыр кийинки мураскер президент Бабанов деген чын го.
+3
Sharos3
2016-09-15 22:34:05
Shapak1979,
Бабанов болсо жакшы болот
+1
rukopashnik
2016-09-15 11:40:30
Акаев:азыркы бийликтегилердин баары менен иштешкемин,бир гана Мелис Мырзакматов менен иштешкен эмесмин дегени чында!
Булар эл көзүнө эле бири бири менен душман а чындыгында ХХХ сиңишип кеткен тойбостордун...
+15
admin_portal
2016-09-15 12:00:50
rukopashnik, этика нормаларын сактаңыз!
-11
Mongol1155
2016-09-15 11:41:17
Ойкут да кайкыт,
Ойкут да кайкыт,
ак чардак дечу беле...
-1
MUSLIM-81
2016-09-15 11:43:48
Кызынын турмушун саясаттан алысыраак кылса болмок.
0
Shat.88
2016-09-15 12:11:04
Болсо болду да ар ким оз айланасындагы кишисин коет да,же тааныбаган кишини коесунарбы силер.
+3
kubat_73
2016-09-15 12:26:14
Бала баатыр Бабановдун ташы ойдо кулап тукуругу жерге тушпой турган кез экен.Окул ата оз бала буюрса кийинки президент белгилуу болуп калды окшойт.
0
KGstan1981
2016-09-15 12:35:32
Эми ойлоп коргуло кууда жак(Костянын атасы) С.Питербургтагы эн бай бизнесмендердин бири экен.Аша дагын КРда эн байлардын бири б.э анан окул атаны дагын бизге окшогон карапайым мигрантардан коебу))))альбетте Бабановко окшогон байлардан коет да.Орустар айтмакчы Брак по расчету.Анан 2чи варианты саясый жак болушу мумкун себеби азыркы кезде Ашанын союзниктери Текебаев,Отунбаева ж.б корунукту саясатчылар Ажобузга каршы чыгып жатышат.Анан байкуш Аша озум калып калбайым деп Бабановту окул ата кылды.
+3
AKCAHAT
2016-09-15 13:03:37
Пай пай негизи баардык саясатчылар ушу сонку кабарда олтургандар , тиги ак уйдо кок уйдогулор жон эле оозун ачып жургондор биердеги сынчылар мн салыштырса.
+7
Uluk_Kalyev
2016-09-15 16:58:05
Окул атаны ар ким каалаган адамын коетта
+3
Mercedes202
2016-09-15 22:35:50
Жакшы адамды койуптур мага жагат да Бабанов!
0
Qnet
2016-09-15 23:50:48
Бабановду озу Костя менен Алия тааныйт бекен?
+2
muhsina
2016-09-16 02:08:22
Qnet,Бабановту го таанышы мүмкүн, Бабанов аларды тааныйт бекен деги???
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан