Мигранттардын которгон каражаттары көбүнчө күнүмдүк керектөөлөргө жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда изилдөө жүргүзгөн "AVEP" коомдук фондунун өкүлү Камалбек Карымшаков билдирди.
"Мигранттардын акча которуулары максаттуу жумшалып жатабы?" деген суроонун алкагында өлкө боюнча атайын изилдөө жүргүзгөнбүз. Жыйынтыгында мигранттардын мекенине которгон акчаларынын көпчүлүгү күнүмдүк керектөөлөргө жумшалары аныкталды. Кийинки баскычта турак үйлөрдү курууга жумшалары белгилүү болду", - деди Карымшаков.
Маалыматка ылайык, изилдөөлөрдүн жыйынтыгында мигранттардан которулган каражаттардын аз бөлүгү билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарына жумшалары белгилүү болгон.