"Тынчтык миссиясы-2016" машыгуусу старт алды

2016-жылдын 15-сентябрында Балыкчы шаарында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын "Эдельвейс" полигонунда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин "Тынчтык миссиясы-2016" машыгуусунун расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Башкы штабдын Маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Урма жана үйлөмө аспаптардан турган аскердик оркестрдин коштоосу астында машыгуунун катышуучулары – аскердик эсептер тизилишти. Салтанаттуу иш-чарага беш өлкөдөн: Кыргыз Республикасынын, Кытай Элдик Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Орусия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенттери катышканы белгилүү болду.

"Жалпысынан машыгууга 2 миңге жакын аскер кызматчылары, 300 жуп аскер техникасы тартылган. Алардын көбү модернизацияланып, заманбап жабдуулар менен жабдылган, мындан сырткары ондон ашык аскер авиациясы жердеги аскерлердин аракетин коргоого дайындалган", - деп айтылат маалыматта.

"Ушул сыяктуу машыгууларды өткөрүүнү заман чындыктары талап кылып жатат. ШКУнун жоопкерчилик аймагында эле эмес, бүтүндөй дүйнөдөгү эл аралык кырдаалдардын фонунда бул өзүнүн маанилүүлүгүн жана керектигин бир нече жолу далилдөөгө үлгүрдү. Терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөшүү биздин мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн мындан да тыгыз кызматташтыгын шарттайт", - деди "Тынтык миссиясы-2016" машыгуусунун жетекчиси полковник Руслан Мукамбетов.

ШКУнун пайда болгонунан бери бул сыяктуу машыгуулар уюмдун географиялык мейкиндигинде төртүнчү жолу, Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nusii
2016-09-15 12:32:54
жакшы
0
Beki092
2016-09-15 13:02:28
Эптеп курал жарактарын алып калыш керек
+1
keba300989
2016-09-15 13:28:44
Beki092,хахаха биздин курал жарактарды көрүп өздөрү эле беретко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан