"Бишкек шаарын суу менен камсыз кылууну жакшыртуу" долбоорунун I фазасы аяктады

14-сентябрда "Орто-Алыш" суу алгычынын аймагында "Бишкек шаарын суу менен камсыз кылууну жакшыртуу" долбоорунун I фазасынын натыйжалары жана "Бишкек шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализация системин реабилитациялоо" долбоорунун II фазасына тиешелүү иш-чаралар боюнча презентация өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө "Орто-Алыш" суу алгычындагы модернизацияланган объекттер (хлоратордук түзүлүш) жана адистештирилген техниканы кароо өткөнү маалым болду.

"Долбоордун максаты - Бишкек шаарын суу менен камсыз кылууну жакшыртуу, "Бишкек суу-канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын негизги фонддорун реконструкциялоо жана модернизациялоо. Долбоордун алкагында европалык сапаттагы 107 жогорку технологиялуу насостор жана насостук жабдуулар алынып, артезиан скважиналарына орнотулган, "Орто-Алыш" суу алгычында 16 жаңы скважина бургуланган. 41 атайын техника алынып, бул оңдоо иштерин ыкчам аткарууга, мобилдүүлүккө, автотранспортту тейлөө чыгымдарын түшүрүүгө жетишүүгө мүмкүндүк берди. Шаардын суу алгычтарында 57 ультратыбыштуу жана электромагниттик суу өлчөгүчтөр коюлду, ошондой эле шаардын суу алгычатарында өндүрүлгөн жана берилген сууну эсепке алууну камсыздоо үчүн программалык камсыздоо коюлду. Шаардын суу алгычтарында жана саркынды сууларды тазалоо бекетинде 32 модификацияланган жаңы хлоратордук орноткучтар орнотулду", - деп айтылат маалыматта.

Долбоордун I фазасынын ийгиликтүү ишке ашырылышын эске алып, Швейцариянын өкмөтү менен ЕРӨБ биргелешип долбоордун II фазасын колдоо жана анын ишке ашырылышына 16 миллион евро өлчөмүндө (8 миллион евро - насыя катары жана 8 миллион евро - гранттык каржылоо катары) инвестициялоо тууралуу чечим кабыл алышканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан