Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынынын “Ар түрдүү маселелер” саатында эл өкүлдөрү билим берүү, мектеп көйгөйлөрүн көтөрүп чыгышты.
Депутат Мирлан Жээнчороев окуучуларга милдеттүү билим алуу мөөнөтүн 2 жылга узартууну сунуштады. Эл өкүлү бул маселе боюнча ата-энелер тарабынан кайрылуу түшкөнүн айтып, окуучулар 9-классты аяктагандан кийин өзүм билемдик менен окуудан качып, туура эмес жолго түшүп калып жатышканын белгиледи. “9-классты бүткөндөн кийин өспүрүмдөргө көчөнүн же ар кандай экстремисттик көз караштардын жетелөөсү менен кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп калып жатат”, - деди. Депутат ошондуктан 11-классты же кесиптик-техникалык окуу жайынан окууну милдеттендирүү зарылдыгын кошумчалады.