Испаниянын Сантандер шаарынан Мадридди көздөй сапар алган поезддин машинисти "жумуш күнүм бүттү, мындан ары жүрүүгө мыйзам жол бербейт" деп 100дөн ашуун жүргүнчүсү бар поездди жарым жолдо токтотуп салган. Поезддин эшиктери 5 сааттан соң Жарандык гвардиянын кызматкерлери келгенден кийин ачылган. Андан соң станцияга автобустар келип, жүргүнчүлөрдү даректерине жеткирген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Темир жол компаниясы жүргүнчүлөрдөн кечирим сурап, билет акысын төлөп берүүнү убадалаган. Машинисттин кылыгы боюнча учурда иликтөө иштери башталган. Ал эми машинист Эмгек кодексинин алкагында иш жүргүзгөнүн, мыйзамды бузууну каалабаганын жана көп саат иштөөнүн айынан болгон жол кырсыгын алдын алуу үчүн ушундай кадамга барганын айткан. Ал башчысына жумуш күнү бүтүп баратканын айткан, бирок компания анын ордуна кимдир бирөөнү дайындоого жетишкен эмес.