Ипотекалык насыя алуучулар үчүн жылдык пайыздык үстөк 12-14 пайыздан 10 пайызга чейин төмөндөтүлөрү айтылды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай-2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби тууралуу убактылуу жобого ипотекалык насыя алуу процедурасын жөнөкөйлөштүргөн өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

"Аталган токтом аркылуу алуучулар тизмесин уюштуруунун бир гана булагы аныкталган, арыз берүүчү тийиштүү документтерди жашаган жери боюнча тапшырат. Программанын катышуучулары тийиштүү анкетаны толтуруп, документтерди (паспорт, нике тууралуу күбөлүк жана балдардын күбөлүгүнүн, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, турак жайга ээ болбогондугу жана акыркы 3 жылда турак жай бүтүмүн жүргүзбөгөндүгү тууралуу маалымдама) топтойт. Талап кылынган документердин санынын кыскартылышы насыя алууда документерди чогултууда программа катышуучуларынын абалын бир кыйла жеңилдетет", - деп айтылат маалыматта.

"Зайымчылар 15 жылдык мөөнөткө кепилдик берүүчү адамды табууда бир топ түйшүккө кептелип, программаны жүзөгө ашырууда кедерги болуп калууда. Буга байланыштуу аталган талап алынып салынды. Буга катар кошумча күрөө коюлган учурда катышуучу насыяны алгачкы төлөмсүз ала алат", - деп кошумчаланган.

Ошондой эле программа катышуучуларын кеңири камтуу максатында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна 3,3 миллиард сом көлөмүндөгү бюджеттик ссуда берүүнү караган чечим кабыл алынган. Аталган сумма, орточо алганда, 3 миңден ашуун жаранга ипотекалык насыя алууга мүмкүндүк берет. Белгилей кетүүчү нерсе, акционердик коомго берилүүчү бюджеттик ссуданын жылдык пайыздык үстөгү 5 пайыздан 3 пайызга дейре төмөндөтүлөт. Өкмөт аркылуу калктын катмарын программага көбүрөөк камтуу, ипотекалык насыяны алуу процедурасын жөнөкөйлөштүрүү жана турак жайга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында “Арзан турак жай-2015-2020” программасынын алкагында ипотекалык насыялоонун мүмкүндүгүн кеңейтүү үчүн зарыл чаралар кабыл алынганы маалым болду.

Учурда ипотекалык насыя алуучулар үчүн жылдык пайыздык үстөктү 12-14 пайыздан 10 пайзыга дейре төмөндөтүү жөнүндө КР Өкмөтүнүн буйрук долбоору министрлик жана ведомстволордо макулдашуу процедурасынан өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
miki-84
2016-09-15 15:59:46
Ушул маселе боюнча кимге кайрылсам болот админ
0
keba300989
2016-09-15 16:14:56
Ипотека деген өзү 2% болуш керек башка мамлекеттерде ошондой биздин чоңдор жеш үчүн 10% кылып койдук дейт уялбай, 1 млн алсак 15 жылда 2,5 млн кылып төлөш керек болот айына 13000 сомдон, а бизде орто эсеп менен 7500 сом айлык болсо кантип төлөйбүз, кантип төлөшөт деген адам жок, андан көрө адамдарды алдап акча табып атабыз десе жакшы болмок ӨКМӨТ.
+3
gordaya
2016-09-15 17:34:47
keba300989, 24000 мин чыгат экен, банктан санатсак (((
0
aziziko
2016-09-15 18:51:05
keba300989, 2 % ипотека бир гана Швейцарияда бар мен кыйын деген Германия менен АКШда 5 %
0
Azura
2016-09-15 19:03:44
10 % деле жакшы болмок. Берсе .. Гос.жумуштагыларга эле берилет экен. Алардын айлыгы жетпейт. Жеке иштегендер алганга болбойт. Баякы эле коррупция
+3
ruslanz
2016-09-15 21:56:27
уйу барлар эле документ топтоп журушот го.
0
Adidas_91
2016-09-15 23:12:09
Кайдагы 2% ды айтасын оруссияда эле 13-17% га чейин 10% деле жакшы болмок.
0
Nendi15
2016-09-16 00:15:52
Кимге каякка кайрылсак болот ?10%болсо анан башталгыч суммасын төкпөсө жакшы эле болчудайго.
+1
gutler
2016-09-18 08:48:04
Урматтуу редакция. Иптоекага уй алганыма бир ай блду. 14% менен беришти. Эми бугун10%деп угуп атам
Мен Эми ипотека Берген банктан, проценти 10%деп сурасам,озгортуп беришеби
Ушул жонундо интервью маалымат алып берсениздер,сураныс. Маалымат мен эле эмес,мага окшоп ипотека алгандаргада пйдалуу болсо керек деп ойлойм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан