Өзбекстанда электр энергияга болгон баа көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, электр энергиясынын баасы Өзбекстанда акыркы жолу өткөн жылдын октябрь айында 9,8 пайызга көтөрүлгөн. Жаңы сунушталып жаткан кымбаттоолордун натыйжасында электр энергияга болгон баа 5 пайызга көтөрүлөт.
"Өзбекэнергия" электр энергиясына болгон тарифтердин жогорулашы 1-октябрдан баштап көтөрүлөрүн маалымат каражаттары аркылуу билдирген. Буга чейин өлкөдө 1 киловатт электр энегриясы үчүн 182 сум (4 сом 18 тыйын) төлөп келсе, кымбаттагандан кийин 191 сум (4 сом 39 тыйын) өлчөмүндө төлөнөрү айтылууда.