Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Нурдин Тынаев Ак-Өргөө, Ак-Ордо жана Ала-Тоо конуштарынын тургундары менен жолугушту. Анда аким бүгүнкү күндө таштанды чыгарууда жаңы унаалар колдонулуп, таштанды челектери орнотулуп, жолдор оңдолуп жатканын белгиледи.
Мэриядан кабарлашкандай, конуштардын тургундары жалпысынан жолду, тротуарларды оңдоо, балдар аянттарын куруу боюнча суроолорду беришти. Ошондой эле жарыктандыруу маселелерин, кышка даярдыкты жана конуштарды шаар борбору менен байланыштырган жаңы маршруттук каттамдарды ишке киргизүүнү суранышты.