Мындан 61 жыл мурун, 1955-жылы акын, Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, Алыкул Осмонов атындагы Республикалык адабий сыйлыктын ээси Бактыгүл Чотурова Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылында туулган.
Ал 1972-жылы ошол эле айылдагы "Кызыл-Жазы" орто мектебин бүтүргөн. 1979-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. Мугалимдик кесипте бир нече жыл эмгектенип, 1990-1995-жылдары Токтогул райондук "Учкун" гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеген. 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиокорпорациясынын "Манас" студиясында редактор, ал эми 1997-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Туусу" гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп эмгектенген.