Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекцияда ветеринардык жана фитосанитардык документацияларды тариздөөнүн автоматташтырылган маалыматтык системи түзүлдү. Маалыматты 28-сентябрда өкмөттөн билдиришти.
Системдин ишке берилишинен күтүлгөн натыйжа – жасалма сертификаттардын санын кыскартуу, документтерди даярдоону тездетүү, реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөгү продукцияны импорттоо-экспорттоо боюнча отчёт жана статистиканы алуу мүмкүндүгүн тездетүү.
Аталган инспекциядан маалымдагандай, мындан ары көзөмөлдөгү продукцияны өлкө боюнча жана андан тышкары ташуу үчүн тийиштүү сертификаттарды, уруксат берүү кагаздарын, акт жана башка документтер автоматташтырылган маалыматтык систем аркылуу берилет, алар Мамлекеттик инспекциянын маалыматтар базасында сакталат жана зарыл учурда башка мамлекеттердин тийиштүү ведомстволоруна электрондук түрдө берилет.