Чолпонкул Арабаев: "Акылдуу" эсептегичтерди кыргыз окумуштуулары 7-8 жыл мурда эле ойлоп табышкан"

"Илим тармагын өнүктүрүүгө каралган каржылык колдоо жетишсиз. Мындай абал кандайдыр бир олуттуу ачылыштарды жарата салууга толук тирек боло албайт. Ошондуктан илим тармагын коммерцизациялоо же илимдеги ачылыштарды колдонуу менен киреше табууга жол ачуу зарыл. Аны ири завод-фабрикаларды күтүп отура бербей, ишкердиктин чөйрөсүнө сунуштаган туура. Себеби азыркы колдонулуп жаткан электр энергиясы үчүн "акылдуу" эсептегичтер кыргыз окумуштуулары тарабынан мындан 7-8 жыл мурда эле ойлонуп табылган”, - дейт Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү Чолпонкул Арабаев.

Окумуштуу 28-сентябрда "Парламент" радиосунун түз эфиринде тармактагы көйгөйлөр менен жетишкендиктерди атады. Республиканын ресурстук мүмкүнчүлүктөрүнө жана заманбап талаптарга жооп берген академиялык илим системин өнүктүрүү, өлкөнүн илимий техникалык потенциалын калыптандыруу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору боюнча пикирин айтты. Мыйзам долбоорунда сунушталган "илимий уюмдарда иштеп жаткан илимдин докторлорунун жана кандидаттарынын эмгек өргүүсүнө 48 жана 36 жумуш күн берилиш керек" деген норманы колдой турганын да белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aytur
2016-09-29 09:11:20
Акылдуу эсептегичтер акылдуулук кылып акчаны кагып алууда
+2
Aika96
2016-09-29 11:37:52
Акчаны кагып алганды билген учун акылдуу эсептегичда )))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан