Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүн майрамдоого карата кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пункту 1-октябрдан 7-октябрга чейин, "Эркеч-Там" өткөрүү пункту 1-октябрдан 3-октябрга чейин жабылат. Маалыматты 29-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Өткөрүү пунктун убактылуу жабуу сунушу кытай тарапка таандык. Жарандар, автоунаалар жана жүктөр "Эркеч-Там" пунктунан 4-октябрдан, "Торугарт" пунктунан 8-октябрдан тарта өткөрүлө баштайт. 9-октябрь - жекшемби иш күнү болору айтылат маалыматта.