Жанар Акаев "шаарларда мигранттар, жаштар үчүн турак жайларды куруп, 1 чарчы метрин 300 доллардан сатса болот" дейт

Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Жанар Акаев өкмөттү жана шаарлардын башкармалыктарын турак жайларды куруу маселесин колго алууга чакырды.

"Мамлекеттик ипотека программасы аркылуу 350 жараныбыз үйлүү болду. Бул жакшы көрүнүш, бирок бир гана мамлекеттик кызматкерлер үчүн эмес, жаштарыбыз үчүн да программаны түзсөк жакшы болмок. Өкмөт суу, электр энергиясы, жылуулук маселелеринде жеңилдиктерди камсыздап берсе, турак жайдын 1 чарчы метринин баасын 300 долларга чейин түшүрсө болот. Чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибизге шаарлардан үй сатып алууга шарт түзүлмөк", - деп сунуштады Акаев.

Айта кетсек, учурда Бишкекте жаңы курулган турак жайлардагы батирлердин 1 чарчы метринин орточо баасы 700-1000 долларга барабар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
din_tomas
2016-09-29 10:56:03
Бул соз боюнча эле калат да, качан эле айткандары иш жузуно ашчу эле, оздоруно керектуу ишти элдин каршылыгына карабай ишке ашырышат
+12
MAKALAK
2016-09-29 11:11:47
айдоо аянтарын уй салганы бербей коп кабаттуу уй салыш керек айдоо аянтары кыскарып атат эртен момо чомо мал салды каякка багабыз
+10
KGstan1981
2016-09-29 11:20:05
Жанар андан коро жанагы шайлоо алдындагы жаштарды 300 мин жумуш орду менен камсыз кылабыз деп КСДП менен тим эле болбой мактанган элен ошол убаданды аткарбайсынбы.
+12
Дарыгер
2016-09-29 12:44:45
KGstan1981, ал убада жомокто гана аткарылат
+6
modem4999
2016-09-29 11:22:22
350кишиге аран беришсе 350000мигрантка кайдан кокуй,ошентип айтып койгонуна деле рахмат.
+9
Aika96
2016-09-29 11:31:48
modem4999, ошол 350 киши дагы депутат, министрдин туугандары, тааныштары болсо керек. Жонокой карапайым адамдарга кайдан азыркы заманда.. 1м2 300$ болбой калдыго. Бул конституцияны озгортуудогу ход коньем деген эле оюнго деп ойлоп калдым, элди алдамай.
+8
azamat.k
2016-09-29 11:28:24
Жанар коп суйлойсун бирок аткарган ишинден дайын жок.Парламентте да башка тв каналдарда суйлогонунду коп кором популисттик маанайда.Ишти кылып жасап бутуп анан суйлосон жакшы болмок.Менин жазгандарыма капа этбе туурасын жаздым.
+14
Aytur
2016-09-29 11:40:03
Ошондой болсо жакшы болбойт беле бизге окшогон жаштар уйлуу болуп...
0
Arslan12
2016-09-29 11:45:41
Мигрантты коюп озубузго салалы дебейсинби!
+8
Mongol1155
2016-09-29 12:00:30
Ой бул жон эле айтылган соз.Кайсы каражатка салынмак эле.Карызыбыз чачтан коп.
+2
tynkatar03
2016-09-29 12:09:35
Мигранттар учун озунчо шаар депутаттар учун озунчо шаар салгыла. депортация болгондорго чатыр тигип берип кой. Уч мин сомдон сата бересин
+5
Aylin.91kg
2016-09-29 12:10:00
Ишке ашырса жакшы болмок, канчалаган жаш уй- булолор 2-3 баласы мн квартирадан квартирага кочуп кыйналып журот, ипотека дегени мн азыркы орточо айлык 10 миндин тегерегинде ага балдарын багабы , квартиранын акчасын толойбу же билбейм ... Биздин олкодо иштеп бутуна тургучан ден соолук да бутот жаш да кетет, андан коро сыртка чыгып аракет кылыш керек го..
+1
Дарыгер
2016-09-29 12:39:27
Айтты койду да. Озунун бар экенин белгилеп.
+1
Alixan-Nookat.2015
2016-09-29 12:51:15
Андай кылса болот мындай кылса болот дебей аткар ошону.
0
Riokyrgyz
2016-09-29 13:05:28
Мурунку калыбына келдин Жанар.эми тилинден жанылба.
-4
dasbai
2016-09-29 13:23:23
Баарыны кылсаңар болот ирети менен бүтөберет, бирок иштейин бир нерсе жасайын дегениң жоок чуркап себеби курсагыңар ток кийимиңер бүттүн
+1
Cesar
2016-09-29 13:40:55
Жанар сен популистсиң. Ойлонуп эми ушуну таптыңбы? Мискенбаев экөөң мандатыңарды тапшырып эле койгулачы.
+3
salihalady
2016-09-29 16:26:52
Ит уро берет,кербен журо берет,Жанар суйлой берет...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан