Базар-Коргондо жерде жаткан жол чырак алынды

Базар-Коргон районунда бийикте эмес, жерде иштеп жаткан жол чырак алынды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын ага тескөөчүсү Мыктыбек Турдубеков жол чырак боюнча жергиликтүү бийликке тапшырма берилгенин, тийиштүү адистер жол чыракты жакын арада калыбына келтире турганын бүгүн, 29-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.

Жалал-Абад ОИИБинин Адистештирилген монтаж-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Илхам Торакуловдун билдиришинче, жол чырактын түркүгүн мурда унаа сүзүп кетип, зыянга учураган түркүк кечээги шамалда кулап түшкөн. Жабдуу бүгүн түштөн кийин орнотулары айтылды.

Эскерте кетсек, бүгүн жергиликтүү тургундардын бири жол чырак жерде иштеп жатканын, ал жерден ары-бери өткөн Патрулдук милициянын кызматкерлери ага көңүл бура электигин кабарлаган эле. Маалымат "Элдик кабарга" чыккандан көп өтпөй жердеги жол чырак алынганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Patriot..kg
2016-09-29 11:01:05
Элдик кабарга чыга электе эле алып койбойбу дейм да
+3
Torreto
2016-09-29 11:04:08
Кабарга чыкпаганда ошо жерде иштеп жата берет беле))
+4
Seryi-Kardinal
2016-09-29 11:12:38
albai ele koiboptur,kokus avaria bolso kim joop beret. alar kaira ilgi4e 1 ai otot
+2
bom.bon
2016-09-29 11:32:20
Шамалга кулап соонун тушуптур тегиз ойдогудай?бироок??
+1
Abdurahman
2016-09-29 12:46:56
Тооба кылдым мындай корунуш дуйнодо бизде Кыргызстанда гана болсо керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан