Өлкө боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына бир сутканын ичинде 7657 чалуу болсо, анын ичинен 1775 максатсыз чалуу болгон. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча 3922 чалуу болсо, анын ичинен 1225 максатсыз чалуу болгон. Ал эми Ош шаары боюнча 3735 чалуу болсо, анын ичинен 550 чалууда жалган маалымат берилген.
"Максатсыз чалуулардын көп болушуна сенсордук телефондордон кокусунан чабуу боло бергени жана жаш балдардын ойноп чалуулары же чукул кырдаалга тиешеси жок маалыматтарды сурап чалуулар себеп болгон", - деп жазылат маалыматта.