Муз каптап жаткан Антарктида - Жер планетасындагы эң суук аймак. Аталган аймак аба ырайынын эң катаалдыгы менен белгилүү. Буга чейин сууктун көрсөткүчү 1983-жылы -89,2 градуска жеткен. 2010-жылы америкалык изилдөөчүлөрдүн жыйынтыгы менен 10-августта эң төмөнкү сууктун көрсөткүчү -93,2 градус болгон. Мындай суук дүйнөнүн эч бир жеринде кездешпейт. Аталган аймактын орточо температурасы -49 градустун айланасын көрсөтөт. Жай айынын эң ысык маалында Антарктидада -35 градус болот.
Материкке күндүн нурлары кыйыр түшөт. Антарктида деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте турат. Муз каптаган Антарктида 14 миллион чакырым чарчы аянтты ээлеп жатат. Анын 98 пайызын муз каптап турат. Муздун орточо калыңдыгы 1-2 чакырымга жетет. Антарктиданын жылуу аймактарында тюлень, морж, ак аюу, пингвин сыяктуу жаныбарлар жашайт.
Адистердин айтымында, Антарктида материгинде күндүн жылышы күтүлөт, бирок мындай өзгөрүү кийинки 100 жылдыкта болушу мүмкүн.