01 777 ААА номурунун кожоюну акчасын төлөп, номурун алып кетти

Автоунаасына 01 777 ААА мамлекеттик номурун сатып алган жаран 1 миллион 716 миң сомун төлөп, номурун алып кетти. Мамлекеттик каттоо кызматы бүгүн, 30-сентябрда билдиргендей, жеңүүчүгө "Инфоком" ишканасы тарабынан сертификат жана белектер тапшырылды. Мамкаттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев жеңүүчүгө ыраазычылык билдирип, анын өлкө бюджетин колдоого салым кошконун белгиледи.

Номурду сатуудан түшкөн акчанын 91 пайызы же 1 миллион 561 560 сому республикалык бюджетке которулганы, 9 пайызы "Инфоком" ишканасынын эсебинде калары айтылат маалыматта. "Аукционго катышуучулардын баары номурдун баштапкы баасы 60 миң сомду төлөшкөн. Анын 10 пайызы же 6 миң сом камсыздандыруу төлөмү катары кармалып калат", - деп билдиришти мекемеден.

01 777 ААА номуру сатылган онлайн-аукционду интернетте 20 миңдей адам карап отурганы да маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Medina9384
2016-09-30 14:23:52
Оохоо куттуктайбыз эми жарымын бизге берип турсанар кийин кайтармакбыз заарыл болуп жатат
+1
aliko78
2016-09-30 14:28:14
Medina9384,Ии ооба кел келип алып кет
-5
avtogrand
2016-09-30 14:31:57
6000сомун ким жеп кетти? Квитанцияда 1710000 деп туратго.
-2
ATLETICO
2016-09-30 14:42:54
Орусчаго бут эле жазуулары. Дагы мам тил менен куурошобуз деп коюшат.
+10
Namystan
2016-09-30 15:37:04
ATLETICO, туура кошулам, бирок орус тили бизде официалдуу тил болуп эсептелет, коп адамдарыбыз ушул тил аркылуу дуйно жузунун коп мамлекетинде иштоого мумкунчулугу бар, ал ООНдун официалдуу 6 тилинин бири!
+3
forestmen
2016-09-30 14:55:50
Алган номерин майлуу суттуу болсун. Жолунда дайыма жашыл чырак куйуп турсун. Тологон акчан берекелуу болуп, коптордун керегине жарасын. Рахмат, Сага. Мамлекетке кандай пайда берсе болот экенин сен корсоттун. Дайыма копторго улгу болуп журо бер.
+4
Oylonkyrgyzym
2016-09-30 15:32:07
forestmen,эми ошо номерди корсок "вуййаа" деп отобуз андан башка пайдасы жок.)))
0
Gulim_zamujem
2016-09-30 16:13:08
БМВ х6 же Лексус 570 ке тагат
0
Abdullatif
2016-09-30 17:03:31
Gulim_zamujem,балким мерседес бенстин акыркы модели болуп журбосун.
0
lexus47
2016-10-01 03:47:39
Abdullatif,Мен бая шохада тагылып жургонун кордум
0
Aygir
2016-10-01 07:33:34
Gulim_zamujem,ар кимдин номери өзүнө крутой и кымбат.
0
barakcha
2016-09-30 17:36:36
Кайсыл жагына такса дагы буюрсун!))
+2
munduz2016
2016-10-01 19:32:54
Комменттерге соз жок,куло берип ичим талыды))))
0
Kroxa
2016-10-02 13:42:51
Жакшы мамлекетке кошкон салымы,да бул бир бизнесмен да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан