Ош шаарына караштуу Жапалак айыл аймагында борбордук көчө жарыктандырылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жапалак айылдык аймагына караштуу Төлөйкөн айылындагы Жолон Мамытов атындагы борбордук көчөнүн түнкү жарыктандыруу системинин ачылышы өткөрүлдү. Төлөйкөн айылында 2 чакырымга жакын жолго 50 даана чырак орнотулуп, жашоочулардын коопсуздугун камсыздоо аракети көрүлгөн", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эл менен жолукканда мэр Айтмамат Кадырбаев: "Ош шаарында 2014-жылы 14 чакырым, өткөн жылы 12,5 чакырым жол түнкү жарык менен камсыздалган. Быйыл бул багытта алгылыктуу иштер аткарылууда. Жалпысынан дагы 175 чакырым көчө жарыктандырылат. Мындан сырткары 2017-жылы шаардагы 640 көп кабаттуу үйдүн айланасына түнкү чырактар орнотулат", - деп билдирген.
Маалым болгондой, түнкү чырактарга жергиликтүү бюджеттен 50 миллион сом каражат бөлүнүп, тендер аркылуу 42 миллион сомго 3021 даана чырак алынып келинген.