Бүгүн, 30-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, Ала-Бел ашуусуна кар жаап, жолдо кооптуу абал жаралды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Патрулдук милициянын Башкы башкармалыгынын инспектору Мырзабек Бабаяров кабарлады.
"Бишкек-Ош жолунун 174-чакырымынан 245-чакырымына чейин кар жаап, учурда абанын температурасы 0дөн төмөндөдү. Андыктан айдоочуларды жолдо этият болууга чакырабыз", - дейт инспектор Бабаяров.