Нарын облустук администрациясы 1-Октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата Нарын облусунун тургундары, 100 жаштан ашкан Анипа Баймурзаеваны жана Зулайка Шайылдаеваны куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда аталган мекемеден билдиришти.
"Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну, 105 жаштагы Анипа Баймурзаеванын 10 уул-кызы, 66 небереси, 198 чөбөрөсү, 30 кыбырасы бар. Көп жылдар бою "Учкун" колхозунда эмгектенген. Ал эми Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылынын тургуну Зулайка Шайылдаева быйыл 100 жашта. Анын 9 баласы, 40 небереси жана 16 чөбөрөсү бар", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматка таянсак, учурда Нарын облусунда 100 жаштан ашкан 29 жаран бар.