Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-октябрда карыларды майрамы менен куттуктады.
Куттуктоодо булар айтылат:
"Урматтуу мекендештер!
Бул күнү бүт дүйнөдө улуу муундагы адамдарга зор камкордук көрүлүп, маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Чынында, өз ата-энелерибиздин алдында, өз өмүрүн өлкөгө, балдарга, коомго арнаган бардык адамдар алдында баарыбыз жоопкербиз.
Мамлекеттик саясаттын акыбети, коомдун адеп-ыйман деңгээли улуу муундун жашоосунан, карыларга жасалган камкордугунан даана көрүнөт. Кыргызстан элинин улууларга урмат менен жасаган мамилеси, өзгөчө камкордугу - эзелтен келаткан салт. Элибиздин «карысы бардын ырысы бар» деген накыл кеби бир да заманда, бир да күнү маанисин жоготпойт.
Улуу муундан кийинкилер каармандыктын, мекенчилдиктин, чыдамкайлыктын үлгүсүн алууга тийиш. Алар согуштун каарын тартышкан, анын кесепеттерин жоюшкан, завод-фабрикаларды курушкан, мамлекетибизди түптөшкөн. Алар кандай гана оор заман башка түшпөсүн, эч качан багынып беришкен эмес, алар дайыма жаркын келечектен үмүтүн үзбөй, жакшы заман келерине бекем ишенишкен.
Азыр өлкөбүздө 425 миңден ашуун улгайган адам бар, анын ичинен 238 карыя 100 жылдан ашык өмүр сүрүп жатат. Пенсионерлерди жана ардагерлерди ар тараптан колдоо, улууларга камкордук социалдык да, гуманитардык да, мамлекеттик да милдет болуп саналат.
Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу ардагерлер, аталар, апалар, чоң аталар, чоң энелер!
Биз баарыңыздарга дагы эле карызбыз, ар бир улгайган кыргызстандык ар тараптан камкордукка бөлөнүшү үчүн милдеттүү экенибизди сезебиз. Бүгүнкү жаркын майрамыңыздар менен дагы бир жолу чын дилимден куттуктап, жылуу сөздөрүмдү жолдоймун. Өлкөбүздү ийгиликтүү өнүктүрүүгө зарыл болгон сиздердин бай турмуштук тажрыйбаңыздарды жогору баалайбыз жана кажыбас кайраттын, талыбас мээнеткечтиктин жана чыдамкайлыктын үлгүсүн алабыз! Кыргызстандын элинин атынан сиздерге чың ден соолук, бакубаттык тилеймин. Жакындарыңыздын кашында аманчылыкта өмүр сүрүңүздөр".