Кыргыз жеринде 2016-жылдын 3-октябрына чейин мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатарын эскертти.
"Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 27-сентябрында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүү жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.