Кадамжайда Үй-бүлө тибиндеги үй ачылгандан бери 14 бала ата-энесине кайтарылды

Баткен облусунун Кадамжай шаарында Үй-бүлө тибиндеги үй ачылгандан бери 14 бала ата-энесине кайтарылды. Маалыматка таянсак, бул үй мамлекеттик тапшырманын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан ачылган. Мекеменин жетекчиси Азима Караеванын айтымында, үй турмуштук оор кырдаалга туш болгон, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга ылайыкталган.

“Учурда бул жерде 7 бала жашайт, ал эми 1 бала күндүз келип турат. Биз балдарга үйдөгү болгон шарттарды түзүп бердик. Биздин үйгө түшкөн балдар кадимкидей мектепке барышат. Бош убактыларында кол өнөрчүлүк, тамак-аш жаcоону үйрөтөбүз”, - дейт Караева.

Мекемеде жалпысынан 22 балага жардам көрсөтүлсө, анын ичинен 14 баланы ата-энесине кайтарууга жетишкенин билдирет министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nanana
2016-10-02 06:45:09
Жасоонубу же жазоонубу?
-10
Kypchak
2016-10-02 12:28:59
жасоо болот, туура эле жазылган.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан