Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын демөөрчүлөр каржылайт" деп президент жалган айттыбы?"

Саясат таануучу, Япониянын Кобе университетинин бүтүрүүчүсү Даниел Кадырбеков 3-октябрда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Атага курулган ипподром боюнча пикирин билдирди. Анын айтымында, ипподромду курууга республикалык бюджеттен 1 миллиард 584 миллион сом жумшалган. Аталган сумманын жумшалганы тууралуу Каржы министрлигинин документин жарыялады.

"Президент жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы иш-чара демөөрчүлөр тарабынан каржылана турганын бир нече жолу айтышкан. Ошондо булар жалган айткан болуп калыштыбы?" - дейт Кадырбеков.

Белгилей кетсек, министрликтин документинен Көчмөндөр оюндарын уюштурууга жана чагылдырууга да бюджеттен миллиондогон сомдор каралганын көрүүгө болот. Кыргыз Республикасынын карызы учурда 4 миллиард долларга жетти. Дүйнөдөгү ири каржы уюму - Эл аралык валюта фонду өлкөнүн тышкы карызынын соңку жылдары кескин өсүп жатышы кооптуу жагдай экенин эскертүүдө. Акчаны сарамжалдуу пайдаланууну мамлекет жетекчилиги өзүнөн башташы керек. Айрыкча салык төлөөчүлөрдүн эсебинен топтолгон бюджеттик каражатты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
stimyl.kg
2016-10-04 10:31:28
Мен да ишенбейм сырттан каржылоо болгонуна,президенттин дагы да элди аллап озунун кызыкчылыгына эл казынасына млрд сомдорду абага чачты. Ушуга окшогон былыктарын коруп билип угуп туруп дагеле атамбаев мыкты иштеп жатат дегендерге тушунбойм,дагы биз президентти суйобуз дегендерине не дейсин...
+3
Malik92
2016-10-04 10:41:46
Атамбаев балекет болдуго
+2
Aika96
2016-10-04 11:05:31
Мамлекет кандай гана чон курулуш баштабасын, созсуз турдо отмывание денег менен алектенет. Ипподром курулушунан эле президентибиз канчалаган $ капчыгына салды, жол курулушу, айтоор баардык нерседен эле акча уурдамай. Баягы эле карапайым калк каткан нанды сууга чылап жеп жатат. Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин былыктары чыгып калбаш учун, иизин жашырыш учун конституцияга озгортуу киргизип жататда. Коросунор АША премьер болуп иштейт кайра эле, эл шайлады деп анын эли 92 депутат.
+3
frunze777
2016-10-04 11:38:24
АШАга Акмат, Ташмат, Эшматтын ит-мышыгы да ишенбей калган... Тиги хан сарайлар, кымбат унаалар, Кыргызстан жана чет олкодогу бизнестер казынадагы элдин акчасынан уурдалган акчалар... Ал аздай ошол эле Кумтор баштаган чет элдик инвесторлор бийликтегилердин "чонтогуно" "доля" салып турат, ал да жетпесе тыштан олчойгон карыз алып жарымын оз "чонтокторуно" согот... Мына сага демократия, мына сага Кыргызстандын келечеги...
+3
komn47
2016-10-04 12:45:11
Текебаев эгер президент болсо кандай болор экен?канча жылдар ачуу чындыкты айтып келатат. Аккан суунун кадыры жок дегендей.мен эчкимисине жан тартпайм бирок бир ушул адам айтып атпайбы.чындык чыркырайт.
+2
koozu
2016-10-04 13:45:24
Бечара кыргыз элине эле кыйын болду
+1
esimdesin
2016-10-04 15:35:05
Капырай Сапар Исаков оозу-мурду кыйшайбай чет олкодон келген грантка салынат деп атпады беле?
0
muni77
2016-10-04 16:54:44
6 миллион калктын кулагындагы лапша термелип туратдаго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан