Өлкө боюнча 800 миң тоннадан ашуун жашылча жыйналып алынды

Өлкөдө 822,4 миң тонна жашылча жыйналып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жашылча түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу 41,6 миң тоннага көп жыйналган. Ал эми быйыл 27,8 тонна пахта терилди. Пахта 2015-жылга салыштырмалуу 3,6 миң тоннага көп өндүрүлгөн.

“Учурда 1000 гектар аянттагы кант кызылчасы жыйналып бүттү. Жалпы көрсөткүч 51 миң тоннаны түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 24 миң тоннага көп”, - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
frunze777
2016-10-04 20:04:48
Айыл чарба министрлиги менен стат.комитет кабинеттеринде отуруп алып эле соктура беришет. Айыл окмоттогулор божомолдоп бир цифра айтып койот, министрлик менен статистика комитети аларды суммалап алып элге отчет бере берет чындыкка жакынбы же алыспы кызыкпай эле... Жогорудагы цифралар реалдуулуктан алыс, ишенип кереги жок...
+3
futboler
2016-10-04 22:19:46
frunze777, ушул цифралар министрликте, статкомдо иштегендерге сыйлык, грамота алып келет, ушунун баарын ошолор эгип жыйнагансып
0
Rakyl12
2016-10-04 20:35:38
оа эч кандай реалдуулук жок, асмандан жерден терип эле айта беришет былтыркыга салыштырмалуу жогору дэп эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан